Жыл аягына чейин социалдык-маданий багыттагы 112 объектинин  курулушу аяктайт

Жыл аягына чейин социалдык-маданий багыттагы 112 объектинин  курулушу аяктайт. Бул тууралуу өкмөттүн басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, анын 70и билим берүү, 17си саламаттыкты сактоо уюмдарынын мекемеси. Объектилер аймактарда орун алат. План боюнча жаңы окуу жылынын башында жаңы 11 мектеп пайдаланууга берилиши керек. Мындан тышкары өлкөнүн… Кененирээк…

Ташкент шаарындагы метролор 3 күн бою жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт

Ташкент шаарындагы метролор 3 күн бою жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт. «Ташкент метрополитен» басылмасы билдиргендей, жарандар кечээ, бүгүн жана эртең бекер катташат. Бул 1-сентябрда белгиленүүчү Өзбекстандын Көз карандысыздык күнүнө карата шаардыктар үчүн майрамдык белек болот. Эске салсак, калаада метро 30-августта ишке киргизилген. Азырынча 1-этап менен эки бекет… Кененирээк…

Ордо калаанын бир катар көчөлөрүндө жарык жок болот

Ордо калаанын бир катар көчөлөрүндө жарык жок болот. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Айни, Жаманбаев, Кудайбергенов, Токтоналиев, Жибек Жолу, Үсөнбаев, Чуйков жана Бөкөнбаев тилкелеринин бир бөлүгүндө, Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ак-Өргө, Көк-Жар, Алтын-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында электр энергиясы берилбейт. Убактылуу чектөө ремонттук иштерге… Кененирээк…

Баткен облусунда жугуштуу оорулар ооруканасынын имаратын оңдоп-түзөө иштери аяктады

Баткен облусунда жугуштуу оорулар ооруканасынын имаратын оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Алишер Абдрахманов билдирет. Анын айтымында, жаңы имаратта бардык шарттар түзүлдү, жакынкы аралыкта эмеректер менен камсыздалат. Медициналык мекеме 90 орундуу. Оңдоп-түзөө иштерине мамлекеттик бюджеттен 12 миллион сом бөлүнгөн. Эске салсак, Баткен облустук… Кененирээк…

Чүй облусунда 1-класстын окуучуларын коомдук унаалар акысыз ташыйт

Чүй облусунда 1-класстын окуучуларын коомдук унаалар акысыз ташыйт. Облустук Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришкендей, мындай тартип 1-сентябрдан 15-сентябрга чейин жүргүзүлөт. Окуучуларды ташуу акциясы балдарды жол кырсыктарынан сактоо максатында «Абайлагыла, балдар!» урааны астында өткөрүлөт. Окуучуларды ташыган унаада бардык санитардык нормалар сакталат.

Ордо калаада коомдук унаалар кадимки режимде иштеп баштайт

Ордо калаада коомдук унаалар кадимки режимде иштеп баштайт. Мэриядан билдиришкендей, бүгүнтөн тартып автобус, троллейбус жана маршруттук автобустар таңдан түнгө чейин катташат. Муну менен катар калаа бийлиги унаалардын ичинде дезинфекция жүргүзүлүп жатканын жана анын тазалыгын текшерип турат. Белгилеп кетсек, буга чейин Бишкекте коомдук унааларга түштө 3… Кененирээк…