Кыргызстанда кышкысын электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт

Кыргызстанда кышкысын электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт. 24 агенттигине Улуттук энерго холдингдин башчысынын орун басары Абдылда Исраилов ишендиргендей, учурда Токтогул суу сактагычында 15 миллиарддан ашык кубометр суу топтолду.

 

Андан тышкары, Казакстандан 500 миллион киловатт-саат электр энергиясын жеткирүү макулдашуусу жетишилген. Пландалгандай, бул күзгү-кышкы сезонду ийгиликтүү өткөрүп алууга жетиштүү болот.