“Walt Disney” компаниясы 28 миңден ашык жумушчуну кыскартууга аргасыз

Пандемиядан улам АКШдагы “Walt Disney” компаниясы 28 миңден ашык жумушчуну кыскартууга аргасыз. Буга чейин компаниянын Калифорниядагы көңүл ачуу борборлору, парктары пандемиядан улам алты айга жабылган.

 

Белгилеп кетсек, “Walt Disney” компаниясынын Кытайдагы, Франциядагы, Япониядагы жана Флоридадагы көңүл ачуу борборлору ачылганы менен кардарлардын санына чектөө киргизилген.