Бишкекте инфекциялык оорукананын курулушу кечигүү менен жүрүп жатат

Бишкекте инфекциялык оорукананын курулушу кечигүү менен жүрүп жатат. Өкмөттөн белгилешкендей, жасалып жаткан иштердин сапатына дагы нааразылыктар бар.

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов аткаруучу компанияга тез арада кемчиликтерди жоюп, графикке ылайык иш жүргүзүүнү тапшырды. Ал эми аймактардагы медициналык жайлар тууралуу айта турган болсок, Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында, Орловкада, Чолпон-Атада, Караколдо, Баткенде, Көк-Жаңгакта жана Жалал-Абадда ооруканаларды оңдоп-түзөө аяктады.

 

Ал эми Токмок, Талас жана Ошто иштер графикке ылайык аткарылып, октябрда жыйынтыкталат.