Шайлоолорду өткөрүүгө чыгашалар дагы 2 миллион сомго көбөйдү

Шайлоолорду өткөрүүгө чыгашалар дагы 2 миллион сомго көбөйдү. Бул Москвадагы кошумча шайлоо тилкесин каржылоо үчүн болду, — дешти Боршайкомдон. Муну менен парламенттик шайлоолордун жалпы бюджети  449 миллион 584 миң сомду түздү.   Буга чейин жарыялангандай, пандемия үчүн БШК чыгашалардын болушунча азайтып, каражатты эң эле керектүү… Кененирээк…

Карантин учурунда жол эрежесин бузган волонтерлордун арыздары каралууда

Карантин учурунда жол эрежесин бузган волонтерлордун арыздары каралууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев novosti.kgге билдирди. Анын айтымында, жалпысынан 3 волонтердук уюмдан 670 жол эрежесин бузууларды жокко чыгарып берүү өтүнүчү түшкөн. Анын ичинен 100дөн ашык арыз канааттандырылды. Калгандары… Кененирээк…

Кыргызстанда 437 миң жаран шайлоодо добуш бере албайт

Кыргызстанда 437 миң жаран шайлоодо добуш бере албайт. Бул тууралуу КМШнын байкоочу миссиясы билдирет. Маалыматка ылайык, кеп, биометрикалык каттоодон өтпөгөндөр тууралуу болуп жатат. Ага катар форма №2 боюнча шайлоого катыша тургандардын саны 488 миң адам. БШКнын маалыматына ылайык, добуш берүүгө 3 миллион 523 миң шайлоочу… Кененирээк…

Бишкектеги №12-мектеп-гимназиясынын кошумча корпусун куруу аяктап калды

Бишкектеги №12-мектеп-гимназиясынын кошумча корпусун куруу аяктап калды. Курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, жаңы имарат 384 орундуу болот. Сметалык баасы дээрлик 72 миллион сомду түзөт. Учурда долбоор толугу менен каржыланды. Бүгүнкү күндө окуу корпусунун чатыры жабылып, ички жасалгалоо жумуштары аяктады. Объектинин айланасын көрктөндүрүү жашылдандыруу жумуштары аткарылып… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 118 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 118 адам коронавирустан айыгып чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, айыккандар Бишкек жана Ошто – 8ден, Чүй облусунда — 4, Ошто – 51, Таласта — 1, Нарында — 2, Ысык-Көлдө – 14, Жалал-Абадда – 6 жана Баткен облусунда – 24. Ушуну менен Кыргызстанда… Кененирээк…

Жети-Өгүз районунда 7 заманбап көпүрө пайда болот

Жети-Өгүз районунда 7 заманбап көпүрө пайда болот. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, жаңы курулуштар эскилиги жеткен көпүрөлөрдүн ордуна салынат. Алар Жети-Өгүз, Ак-Кочкор, Чырак жана Кабак айылдарына тиешелүү. Долбоорго каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнөт. Иштер аяктагандан кийин жергиликтүү тургундар айыл аралык каттоосуна жана балдардын мектепке барышына жакшы шарт… Кененирээк…

Москвада эркек банк тоноого келип, бирок коркконунан качып кетти

Москвада эркек банк тоноого келип, бирок коркконунан качып кетти. Соцтармактарга жарыяланган видеого караганда, кара кийимчен жана медициналык беткап тагынган киши талон алуу үчүн терминалга жакындаган. Андан кийин ал кассирге келип кат берген. Кассир кыз катты алып, артына кылчайып кесиптештерине караганда, эркек киши качып кеткен. Белгилүү… Кененирээк…

Барселонадагы «Лисео» опера театры кайрадан ачылды

Барселонадагы «Лисео» опера театры кайрадан ачылды. Бирок, карантиндик талаптарды сактоо менен. Атакту каталондук театрга көрүүчүлөрдүн дене табын текшерүү менен алар беткап тагынганда гана киргизилет. Коноктор ортодо бир катар бош орундуктарды калтыруу менен жайгаштырылат. Эске салсак, жай айларынын башында «Лисео» маданият үйүндө бир ирет концерт уюштурулган.… Кененирээк…

Бишкектин эки конушунда таза суу өчүрүлөт

Бишкектин эки конушунда таза суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, эртең саат 9дан кечки 6га чейин Ынтымак жана Арча-Бешик конуштарында таза суу жок болот. Андыктан аталган аймактын тургундарына сууну запастап камдап алуу сунушталат. Убактылуу чектөө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.

Стамбулда катуу жааган жаан мөндүргө айланды

Стамбулда катуу жааган жаан мөндүргө айланды. CNN Turk басылмасы билдиргендей, нөшөрлөгөн жаандан улам мегаполистин бир катар көчөлөрүндө суу толуп калды. Андан тышкары, жолдордо унаалардын тыгынын жаратты. Алдын ала маалымат боюнча, Стамбулга түшкөн мөндүрдүн диаметри 5тен 50 миллиметрге чейин болуп, бир нече машинелерди жарактан чыгарды.