Лионель Месси «Барселона» клубунда келишимдин аягына чейин калуу ниетинде

Лионель Месси «Барселона» клубунда келишимдин аягына чейин калуу ниетинде.

Бул маалыматты футболчунун атасы Хорхе тастыктады. Аргентиналык оюнчу менен

каталондук клубдун ортосундагы келишим 2021-жылга чейин түзүлгөн. Месси «Барселона»

УЕФАнын Чемпиондор лигасынын чейрек финалында «Бавария» клубунан ири эсепте утулуп,

мелдештен четтегенден кийин командадан кетүү чечимин кабыл алганын жар салган.

Мындан кийин Мессиге «Манчестер Сити», “ПСЖ” жана «Ювентус» клубдары кызыгып жаткан.