Таласта төө буурчактын баасы жылдагыдан кымбат болууда

Таласта төө буурчактын баасы жылдагыдан кымбат болууда.

Аймактын агрардык өнүктүрүү секторунан билдиришкендей, жылына бир килограммы 50 сомдон башталса,

быйыл ал 65 сомго чыкты. Ушул жылы облус боюнча 59 миң 118 гектар төө буурчак айдалган.

Бул былтыркыга салыштырмалуу миң гектарга көп. Учурда түшүмдү жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат.

Товар дүйнөнүн 38 мамлекетине экспорттолот. Көбү Россия, Казакстан, Түркия, Иран, Ирак жана

Болгария мамлекеттерине сатылат. Эске салсак, 2014-жылы төө буурчактын баасы

рекорддук көрсөткүчкө жетип, 120 сомдон сатылган.