Билим берүү министрлиги өлкө мектептерине компьютер сатып алат

Билим берүү министрлиги өлкө мектептерине компьютер сатып алат.

Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Ведомство 700 жабдуу сатып алууну пландап жатат. Бул максатка дээрлик 24 миллион сом сарпталат.

Талапка ылайык, жеткирүүчү ишкана 3 жылга кепилдик берип, техниканын  топтомундагы жабдуулары жаңы болушу керек.

Кошумчаласак, министрлик август айында компьютер сатып алуу боюнча тендер жарыялаган.

Бирок сынакка бир да компания катышкан эмес.