Дагестанда 66 жаштагы киши 5 саатта 9 килограммга арыктады

Дагестанда 66 жаштагы киши 5 саатта 9 килограммга арыктады.

РИА Новости билдиргендей, Муги айылынын жашоочусу Багама Айгубов рекорд жаратып,

Гиннес рекорддор китебине катталды. Буга карабай жөө күлүк чуркоо учурунда абалы

калыптагысынан өзгөргөн жок. Дарыгерлердин айтымында анын саламаттыгы мыкты.

Кошумчаласак, пенсионер Дагестандын спорт чебери, бетме-бет таймаш боюнча Россия,

Европа жана дүйнөдөгү бир топ мелдештин жеңүүчүсү экени белгилүү болду.