Өлкөдө акыркы суткада коронавирус инфекциясынан 107 адам сакайып чыкты.
Республикалык штабдан билдиришкендей, вирусту жеңгендер Бишкекте — 47,
Ош шаарында — 1, Чүй жана Ош облусунда — төрттөн, Таласта — 6;
Ысык-Көлдө — 5, Жалал-Абадда — 14 жана Баткен облусунда — 26.
Ушуну менен вирустан айыккандардын жалпы саны 41 миң 210ду түздү.