Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү.
17-сентябрдан 21ине чейин өлкөдө жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 20 метрге чейин жетиши ыктымал.
Абанын температурасы кескин төмөндөйт. 20-21-сентябрда Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облусунун
тоо этектериндеги райондорунда үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Абанын табы 0дөн -2 градуска чейин төмөндөйт.