Кыргызстанда 760 май куюучу жай автоматташтырылган системага өттү.
Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирет. Анын айтымында,
өлкөдө 1-июлдан тартып май куюучу жайлар, анын ичинде автогаз, газ толтуруучу
компрессордук станциялар автоматташтырылган башкаруу системасы менен иштей баштады.
Анын өзгөчөлүгү — кардар акы төлөп кассалык чекти албай туруп май куюп ала албайт.
Белгилеп кетсек, өлкөдө 1 миң 48 май куюучу жай иштеп жатат.