Бишкектин Малдыбаев жана Токомбаев көчөлөр кесилишинде граффити дубалы пайда болду

Бишкектин Малдыбаев жана Токомбаев көчөлөр кесилишинде граффити дубалы пайда болду.

Мэриядан билдиришкендей, стрит-арт долбоору Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолордун курмандыктарын

колдоо эл аралык күнүнө карата тартылды. Анда адам укуктары үчүн күрөшкөн Нельсон Манделанын

сүрөтү түшүрүлдү. Ал эркин Түштүк Африканын демократиялык жол менен шайланган биринчи президенти болгон.