Кыргызстанда билим берүү аралыктан болсо дагы, мугалимдер балдарды мектепке келип окутуп жатат

Кыргызстанда билим берүү аралыктан болсо дагы, мугалимдер балдарды мектепке келип окутуп жатат. Мунун себебин Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова түшүндүрөт.

 

Негизги максаты мындайда – бири биринен үйрөнүү, бири-бирине туура, конструктивдүү кеңеш айтуу. Педагогдорго кызматташып иштөө бул абдан маанилүү. Ошондуктан, колдон келсе, жеке каражаттарды алып алып, кесиптештер менен кеңешип, окуу материалдарын бирге колдонуп, видео, аудио презентациялар менен алмашып, ошон үчүн бул абдан маанилүү

 

Чиновник белгилегендей, мугалимдер мажбурланган жок, аларга жөн гана онлайн сабактарды мектепке келип өткөрүү сунушу берилген.