Бишкектин Фатьянов көчөсүндө кыймылга чектөөлөр киргизилет
Бишкектин Фатьянов көчөсүндө кыймылга чектөөлөр киргизилет. “Бишкек жылуулук тармактарынан” билдиришкендей, 24-сентябрдан 3-октябрга чейин Фатьянов көчөсүнүн Кулатов менен кесилишинде суу түтүктөрүн алмаштыруу, магистралдык тармакты калыбына келтирүү иштери аткарылат. Жол толугу менен жабылбайт, болгону улам чектөөлөр киргизилип турат, — дешти ишканадан.