Нобель сыйлыктарын тапшыруу аземи дагы быйыл онлайн форматта өтөт. Белгилеп кетсек, иш-чара бул ирет Стокгольм шаарында өтмөк. Бирок, коронавирус пандемиясына байланыштуу, жаңы формат кабыл алынды.
Расмий бөлүктөн кийинки салтанаттуу кече бул жолу болбойт. Салтка айлангандай, иш-чара 10-декабрда өтөт. Сыйлыктарды Швециянын падышасы ыйгарат.