Шайлоолордун алдын ала жыйынтыгы добуш берүү аяктагандан кийин  2 сааттын ичинде белгилүү болот

Шайлоолордун алдын ала жыйынтыгы добуш берүү аяктагандан кийин  2 сааттын ичинде белгилүү болот. Бул тууралуу novosti.kgге Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

 

Анын айтымында, шайлоо тилкелери жабылгандан кийин дароо добуштарды саноо башталат.

 

Ал эми акыркы жыйынтык тууралуу айта турган болсок, алар 20 күндөн кийин жарыяланат. Эске салсак, парламенттик шайлоолор 4-октябрда өтөт. Ага катышууга 16 партия катталган.