Бишкек Күчтүү шаарлардын түйүнүнө кошулду
Бишкек Күчтүү шаарлардын түйүнүнө кошулду. Мэриядан билдиришкендей, катышуучу шаарларга жергиликтүү жамааттардын укугун коргогон стратегиялык программаларды түзүүгө колдоо көрсөтүлөт. Белгилеп кетсек, аталган борбор 2018-жылы түзүлгөн. Анын максаты — социалдык биримдик, туруктуулукту түзүү жана зомбулукка каршы күрөшүү. Учурда түйүндүн курамында 140 шаар бар.