Кыргызстандыктар 3 министрликке ишеним артып баштады

Кыргызстандыктар 3 министрликке ишеним артып баштады. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, кеп Саламаттыкты сактоо, Ички иштер жана Айыл-чарба министрликтери тууралуу болуп жатат.

 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, милицияга болгон ишеним өткөн жылга салыштырмалуу, 15тен 40ка көтөрүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигине – 17ден 36га, айыл-чарба ведомствосуна – 25тен 33 баллга жетти.

 

Премьер белгилегендей, пандемия мамлекеттик органдардын ишиндеги көптөгөн маселелерди ачыкка чыгарды, бирок учурда ведомстволор алардын үстүндө иштеп жатат.