Бишкек мэрин шайлоо дайындалбайт

Бишкек мэрин шайлоо дайындалбайт. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, бул ордо калаанын макамына байланыштуу. Ага ылайык, шаардык кеңештин жана калаа башчысынын кызмат мөөнөтү жарым жыл калганда түрдүү себептер менен токтотулса, шайлоо дайындалбайт. Белгилеп кетсек, учурда Бишкектин мэрин дайындоо маселесинин айланасында суроолор көп болуп… Кененирээк…

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн акча которуулар азайды

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн акча которуулар азайды. Улуттук банктын маалыматына караганда, ушул жылы августта мигранттар өлкөгө 237 миллион 400 миң доллар которушту. Бул июль айына салыштырмалуу 10 миллион 600 долларга аз. Ушул жылдын 8 айында республикага жалпысынан 1 миллиард 462 миллион 700 миң доллар которулду, бул… Кененирээк…

Льюис Хэмилтон Михаэль Шумахердин рекордунан ашып өттү

Льюис Хэмилтон Михаэль Шумахердин рекордунан ашып өттү. «Формула-1» Twitter баракчасына жарыялагандай, Португалияда өткөн жарышууда «Мерседести» башкарган Хэмилтон 92-Гран-присин жеңип алды. Ал эми дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Михаил Шумахер 91 ирет Гран-приге ээ болгон. Ал башкы сыйлыкты алгачкы ирет 1992-жылы Белгияда, акыркы жолу 2006-жылы Кытайда алган. Ал… Кененирээк…

Кыргызстан аймактарында өсүмдүк майы кымбаттады

Кыргызстан аймактарында өсүмдүк майы кымбаттады. Мындай маалымат менен Экономика министрлиги бөлүштү. 22-октябрга карата өсүмдүк майынын чекене баасы 20 сомго чейин жогорулады. Министрликтен белгилешкендей, бул былтыркы ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 24 пайызга кымбат. Буга карабай өлкө боюнча эң арзан баа Балыкчыда – 1 литр май… Кененирээк…

Баткен районундагы Кайыңды айылына таза суу системасы тартылды

Баткен районундагы Кайыңды айылына таза суу системасы тартылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, айыл тоо этегинде жайгашкандыктан сел каптап, таза суу өтө турган түтүктөр жарактан чыккан. Учурда ал жерде калыбына келтирүү иштери аткарылды. Тиешелүү жабдуу, техника жана курулуш материалдары ведомство тарабынан бөлүнүп берилди.

Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого карата чыгымдардын сметасы бекитилди

Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого карата чыгымдардын сметасы бекитилди. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, жаңы өлкө башчыны шайлоого 549 миллион 161 миң сом сарпталат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 10-январга дайындалды. Өз кезегинде үгүт компаниясы 15-декабрда старт алат