Льюис Хэмилтон Михаэль Шумахердин рекордунан ашып өттү.
«Формула-1» Twitter баракчасына жарыялагандай, Португалияда өткөн жарышууда
«Мерседести» башкарган Хэмилтон 92-Гран-присин жеңип алды. Ал эми дүйнөнүн
7 жолку чемпиону Михаил Шумахер 91 ирет Гран-приге ээ болгон. Ал башкы сыйлыкты
алгачкы ирет 1992-жылы Белгияда, акыркы жолу 2006-жылы Кытайда алган.
Ал эми 35 жаштагы Хэмилтон биринчи Гран-присин
2007-жылы Канадада дебюттук сезондо камсыздаган.