Синоптиктер алдыңкы күндөрү суук болорун эскертишет

Синоптиктер алдыңкы күндөрү суук болорун эскертишет. Кыргызстанда 29-30-октябрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Метереологдор убадалашкандай, жаан, тоолуу аймактарда карга айланган жаан, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. 29-30-октябрда Ысык-Көл облусунун чыгышында, Нарын аймактарында, Таластын өрөөндөрүндө 10… Кененирээк…

Маданият министрлиги өкмөттөн кинотеатрлардын ишин жандантууну суранууда

Маданият министрлиги өкмөттөн кинотеатрлардын ишин жандантууну суранууда. Ведомстводон белгилешкендей, кино үйлөрү мартта эле жабылгандыктан, каржы жагынан чоң чыгымга учурады. Кинотеатр ээлери мекемелердин сактап туруу үчүн, күзөт жана коммуналдык кызматтарга каражат сарпташууда. Көпкө сузулган тыныгуу кызматкерлердин башка тармактардан жумуш издешине алып келет. Бул квалификациясы жогору адистерди… Кененирээк…

Бишкек мэринин милдетин Балбак Түлөбаев аткарат

Бишкек мэринин милдетин Балбак Түлөбаев аткарат. Мындай чечимди өлкөнүн премьер-министри кабыл алды. Түлөбаев буга чейин  өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. Ага чейин калаа мэриясынын аппаратын жетектеп келген. Эми жаңы жетекчинин алдында бир катар иштер турат. Алсак, кышкы жылуулук сезонуна даярдануу, үзгүлтүксүз түрдө… Кененирээк…

Кыргызстанда бала бакчаларга санитардык көзөмөлдүн алгоритмдерин сактоо менен иштөөгө уруксат берилди

Кыргызстанда бала бакчаларга санитардык көзөмөлдүн алгоритмдерин сактоо менен иштөөгө уруксат берилди. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, адистер мектепке чейинки даярдоо мекемелерин карантинден кийин ачууга көрсөтмө иштеп чыгышты. COVID-19 маалында мекемеде иштөө боюнча педагогдор, тарбиячылар жана алардын жардамчылары, медицина кызматкерлери, методисттер жана директорлор онлайн-окутуудан өтүштү

Бишкекте керектөөчүлөргө ысык суу үзгүлтүксүз берилип жатат

Бишкекте керектөөчүлөргө ысык суу үзгүлтүксүз берилип жатат. Бул тууралуу novosti.kgге “Жылуулук тармактарынан” билдиришти. Маалыматка караганда, күзгү-кышкы жылуулук сезонуна карата бардык пландуу иштер 1-октябрда толугу менен аткарылып бүткөн. Эгер техникалык тейлөө үй комитетинин карамагына кирсе анда үй ичиндеги түтүктөрдү ондоо иштерин өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу. Бирок тургундарга… Кененирээк…

Бишкекте доллар бир суткада 70 тыйынга кымбаттады

Бишкекте доллар бир суткада 70 тыйынга кымбаттады. Бүгүн саат 10го карата акча алмаштыруу жайларында америкалык валюта 81 сом 35 сатып алынып, кайра 81 сом 55 тыйындан сатылууда. Кечээ ушул эле убакта доллардын куну 80 сом 43 тыйын жана 80 сом 80 тыйында кармалып турган. Белгилеп… Кененирээк…

Рыскелди Мусаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Рыскелди Мусаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.  Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин Кеңешбек Дүйшөбаев кызматтан бошотулган.

Америкада жаштардын арасында Covid кечеси популярдуу болуп жатат

Америкада жаштардын арасында Covid кечеси популярдуу болуп жатат. Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, мындай кечелерди уюштургандар жана ага катышкандар коронавируска ишенбеген, өзүн тобокелге салган адамдар. Кечени уюштуруучулар коронавирус менен ооруп жаткан адамды чакырып, түнү бою ал адам менен сүйлөшүп, көңүл ачып, ооруну жуктуруу аракетин кылышат. Белгилеп кетсек, Америка коронавируска… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында жарык жок болот

Бишкектин айрым аймактарында жарык жок болот. “Түндүк электр” ишканасынын маалыматына караганда, бүгүн кечки саат 6га чейин Осмонкул, Токтогул, Сүйүнбаев, Сыдыков, Киев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Чыгыш 5 кичирайонунда, Арча-Бешик, Рухий-Мурас, Дордой 2, Ак-Босого, Көлмө, Ак-Ордо жана Ала-Тоо конуштарынын айрым көчөлөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Убактылуу чектөө оңдоо… Кененирээк…

Бишкек Чүй каналына көпүрө курулат

Бишкек Чүй каналына көпүрө курулат. Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылгандай, “Бишкек асфальт сервис” ишканасы кайрадан тендер жарыялады. Белгилеп кетсек, учурда Жукеев Пудовкин көчөсү түштүк багытка карай Сухэ Баторго чейин курулууда. Анын жүрүшүндө БЧКга көпүрө курулат. Ал эми буга чейин жарыяланган тендер айрым мыйзамсыз иш-аракеттерден улам… Кененирээк…