Араван жана Ноокат райондорунда жаңы бала бакчалар пайда болду.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинен билдиришкендей,
объектилер Сүткор жана Улуу Тоо айылдарында курулду. Аларга 3 миллион 820 миң сом сарпталды.
Каражат жергиликтүү бюджеттен жана жергиликтүү тургундардан чогулду.