Кыргызстанда дагы 425 адам коронавирустан айыгып чыкты.
Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкекке,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына туура келет. Ушуну менен
өлкө боюнча 49 миң 522 адам вирусту жеңип чыкты.