Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди

Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди.

Калаа мэриясынын маалыматына караганда, коомдук тамактануучу жайлар белгисиз

мөөнөткө чейин кечки саат 8ден кийин иштебейт. Бирок буйрутмаларга тыюу киргизилген жок.

Ошондой эле унаа базары, тойканалар, интернет клубдар, бильярд залдарынын ишмердүүлүгү

белгисиз убакытка чейин токтотулду. Базарларда жарандардын бет кап тагынышы катуу көзөмөлгө алынат.