Бишкекте жаңы сейил багы пайда болду

Бишкекте жаңы сейил багы пайда болду. Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, эс алуу багы Алтымышев көчөсүндө жайгашат. Анда жолго жана тротуарга жаңы катмар түшүрүлүп, көк майсан үчүн топурак даярдалды. Ирригация тармактары жаңыланып, отургучтар жана таштанды челектери орнотулду. Скверди куруу иштерине 2,5 миллион сомдон ашык каражат… Кененирээк…

Быйыл Ошто пандемияга байланыштуу суу өткөрүү тармактарын оңдоо системасы өзгөрдү

Быйыл Ошто пандемияга байланыштуу суу өткөрүү тармактарын оңдоо системасы өзгөрдү. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, шаарда суу толук өчүрүлгөн жок. 3 күндүн аралыгында, тагырагы 20-22-24-октябрда этабы менен райондордо түнкүсүн оңдоо иштери жүрдү. Калаа бийлигинен түшүндүрүшкөндөй, мындай чара жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаратпоо максатында жасалды.

Бишкекте жаңы унаа тейлөө борборлору ачылды

Бишкекте жаңы унаа тейлөө борборлору ачылды. novosti.kgге мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, эми айдоочулар унааны каттоо жана айдоочулук күбөлүктү берүү кызматтарын кыска убакыттын аралыгында ала алышат. Каттоого 30 мүнөттөн 1 саатка чейин гана убакыт кетет. Бардык процессер автоматташтырылган жана мамлекеттик органдардын маалыматтык системалары менен байланыштуу. Жаңы… Кененирээк…

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Тиешелүү чечим бүгүн “Ала-Арча” резиденциясында өткөн парламенттин жыйынында кабыл алынды. Мамытовдун талапкерлигине 100 депутат макул болсо, бирөө каршы добуш берди. Эске слсак, буга чейинки төрага Канат Исаев бүгүн отставкага кетти

Дүйнөдө 21 жашка чейинки эң кымбат футболчулар аталды

Дүйнөдө 21 жашка чейинки эң кымбат футболчулар аталды. Биринчи орунда мююнхендик “Бавариянын” канадалык коргоочусу Альфонсо Дэвис жайгашты. Анын трансфердик баасы 180 миллион еврону түзөт.   Экинчи орунда “Боруссияга” ойногон англиялык футболчу Джейдон Санчо турат. Ал 125 миллион евро турат. Үчилтикти “Барселонанын” форварды Ансу Фати 123… Кененирээк…

Жакында эле жарыкка келген үч эм наристелерге президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министрдин толук аты-жөнү ыйгарылды

Жакында эле жарыкка келген үч эм наристелерге президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министрдин толук аты-жөнү ыйгарылды. Алардын аттары Садыр, Жапар жана Нургожо.   Эске салсак, 6-октябрда жарыкка келген бөбөктөрдүн салмагы 2-2,5, алар ай-күнүнө жетпей төрөлсө дагы, аман-эсен үйлөрүнө чыгарылды.

Кыргызстанда 527 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда 527 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 70, Ошто 113, Чүйдө 65, Таласта 9, Нарында 7, Ысык-Көлдө 33, Жалал-Абадда 130, Баткенде 100 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Жалпысынан, өлкөдө коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 51 миң 815ке жетти.

Кувейтте эркек таштандыга 26 миң доллар ыргытып салды

Кувейтте эркек баштыктарды алмаштырып алып, таштандыга 26 миң доллар ыргытып салды. Белгилүү болгондой, ал банкоматтан акчаны чечип, баштыкка салып койгон.   Таштанды ыргытканда, аны дагы кошо таштап салган. Үйгө келип акчасын таппай калганда, ал дароо таштанды челектерине чуркап барып, бирок таштанды полигонго чыгарылып кеткенин көргөн.… Кененирээк…

Физикалык жактарга Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү узартылды

Физикалык жактарга Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү кийинки жылдын 1-апрелине чейин узартылды. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, өткөн жылга карата отчетторун бере электер кийинки жылы дароо 2019 жана 2020-жылдарга 2 декларация тапшырат.   Ведомстводон белгилешкендей, физикалык жактарга мамлекеттик жана муниципалитеттик кызматкерлер, ишкерлер, патент менен иштегендер, дыйканчылык… Кененирээк…

Доллар бир аз арзандап баштады

Доллар бир аз арзандап баштады. Бүгүнкү күндө америкалык валютаны ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары 83 сом 60 тыйындан сатып алып, кайра 83 сом 90 тыйындан сатышууда.   Мунун менен анын куну кечээтен тарта 20-30 тыйынга түштү. Улуттук банк соңку кийлигишүүсүн 29-октябрда жасап, интервенцияда  42 миллион… Кененирээк…