Быйыл Ошто пандемияга байланыштуу суу өткөрүү тармактарын оңдоо системасы өзгөрдү.
Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, шаарда суу толук өчүрүлгөн жок. 3 күндүн аралыгында,
тагырагы 20-22-24-октябрда этабы менен райондордо түнкүсүн оңдоо иштери жүрдү.
Калаа бийлигинен түшүндүрүшкөндөй, мындай чара
жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаратпоо максатында жасалды.