Кувейтте эркек таштандыга 26 миң доллар ыргытып салды

Кувейтте эркек баштыктарды алмаштырып алып, таштандыга 26 миң доллар ыргытып салды. Белгилүү болгондой, ал банкоматтан акчаны чечип, баштыкка салып койгон.

 

Таштанды ыргытканда, аны дагы кошо таштап салган. Үйгө келип акчасын таппай калганда, ал дароо таштанды челектерине чуркап барып, бирок таштанды полигонго чыгарылып кеткенин көргөн. Ал полицияга арыз жазды. Учурда акча изделүүдө.