Кышкысын организмге кандай витаминдер керек экени айтылды

Кышкысын организмге кандай витаминдер керек экени айтылды. Диетологдордун айтымында, жашылча-жемиштерди көп жеген жакшы, буларга тоңдурулгандары да кирет. Алар витамин жана антиоксидант болгондуктан, иммунитетти бекемдөөгө жардам берет. Ошондой эле ачытылган капустанын курамында ичеги үчүн пайдалуу бактериялар көп жана ал С витаминине бай. Мындан тышкары, кышкысын рационго… Кененирээк…

Улуттук банк ноябрга карата алгачкы интервенция өткөрдү

Улуттук банк ноябрга карата алгачкы интервенция өткөрдү. Башкы каржы мекемесинин порталында айтылгандай, 26 миллион 800 миң доллар сатылды. Каржы рыногуна чыгууга доллар курсунун серпилүүсү себеп. Ушуну менен жыл башынан бери 16-интервенция өткөрүлүп, 372,5 миллион доллар сатылды. Белгилеп кетсек, акыркы эки айдан бери америкалык валюта кымбаттап… Кененирээк…

Американын Калифорния штатында кар жаады

Американын Калифорния штатында бир нече ай ысык аба-ырайынан жана токойдо чыккан өрттөн кийин кар жаады. Өткөн дем алыш күндөрү Сьерра-ат-Тахо тоолуу лыжа курортунда бийиктиги 46 сантиметрге жеткен кар түштү. Улуттук метеорология кызматынан божомолуна ылайык, региондо абанын табы нормадан төмөн болот. Ага коңшу штат Невадада дагы… Кененирээк…

Дөөлөт Сыдыков «Манас» эпосун узак айтуу боюнча рекорд жаратты

Дөөлөт Сыдыков «Манас» эпосун узак айтуу боюнча рекорд жаратты. Манасчы эпосту токтоосуз 14 саат 27 мүнөт айтты. Сыдыковдун рекорду Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында катталды. Манас айтуу 12-ноябрда  таңда башталып, 13-ноябрда түн ортосунда аяктады. Белгилеп кетсек, Гиннестин рекорддор китебине кирүү үчүн 12 саат бою үзгүлтүксүз «Манас» эпосун… Кененирээк…

Сан-Францискодо жылуулук жана тамак-аш даярдоо үчүн газ колдонууга тыюу салынат

Сан-Францискодо келээрки жылдан тартып жаңы үйлөрдө жылуулук жана тамак-аш даярдоо үчүн газ колдонууга тыюу салынат. Буга шаардык байкоочулар кеңиши добуш беришти. Жаңы курулуштарда бир гана электр энергиясы пайдаланылат. Бийлик өкүлдөрү белгилешкендей, мындай ыкма өрт чыгуу коркунучун азайтат. Ошондой эле экологияны коргоого жардам берет.

“Арал” өткөрмө түйүнүндө оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

“Арал” өткөрмө түйүнүндө оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, Жалал-Абаддан Бишкекке каттаган оор жүк ташыган унаалар убактылуу өткөрүлбөйт. Чектөө жолдор толугу менен тазаланып бүткөндөн кийин алынат. Мындай чара жана «Ала-Бел» ашуусунда кардын тынбай жаап, жолдун тайгактыгынан улам пайда… Кененирээк…

Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылында футбол аянты пайда болду

Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылында футбол аянты пайда болду. Ал Атамбаев атындагы мектептин карамагына курулуп, билим берүү мекемесинин балансына өткөрүлүп берилди. Спорттук аянтчаны курууга дем берүүчү грант тарабынан 2 миллион 300 миң сом бөлүнгөн. Учурда футбол талаасы пайдаланууга берилди.

Ошто 5 мектептин курулушу жүрүп жатат

Ошто 5 мектептин курулушу жүрүп жатат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, объектилер Туран жана Амир Тимур кичирайондорунда жайгашат, ошондой эле Ломоносов, Нариман мектептерине кошумча корпустар жана 222-кварталындагы билим берүү мекемеси. Иштерге жалпысынан 350 миллион сомдон ашык каражат багытталат. Сумма республикалык бюджеттен бөлүндү. Билим берүү мекемелери кийинки… Кененирээк…

Кыргызстан кинематографисттери “Оскар” сыйлыгына билдирмелерин жиберсе алышат

Кыргызстан кинематографисттери “Оскар” сыйлыгына билдирмелерин жиберсе алышат. Кабыл алуулар 17-ноябрга чейин, ал эми 19-ноябрда сыйлыкка көсөтүлө турган фильм аныкталат, — деп билдиришти кинематографисттер союзунан. Маалыматка караганда, биздин өлкөдөн “Мыкты эл аралык толук метраждуу тасма” категориясына лента тапшырылат. Белгилеп кетсек, 93үнчү “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи “Долби”… Кененирээк…