Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчтү

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчтү. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 5ке чейин жарык Элебесов, Фере, Баялинов, Салиева, Айни көчөлөрүндө жана Ак-Өргө, Ак-Босого, Көлмө, Арча-Бешик конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кыргызстан айдоочулары күбөлүктөрүн эми электрондук форматта гана алып жүрүшү мүмкүн

Кыргызстан айдоочулары күбөлүктөрүн эми электрондук форматта гана алып жүрүшү мүмкүн. Мамлекеттик каттоо кызматы тиешелүү долбоор иштеп чыкты. Ага ылайык, айдоочу күбөлүгү жана унааны каттоо күбөлүгү электрондук форматка өтөт.   Долбоор алгач Бишкекте ишке киргизилип, бир жыл сыналат. Ал ийгиликтүү өтсө, кийин жол инспеккторлору айдоочулардын күбөлүгүн… Кененирээк…

Токио олимпиадасы 2021-жылы өтөт

Токио олимпиадасы 2021-жылы өтөт. Мөөнөтү эми жылдырылбайт, — деди Япониянын премьер-министр Ёсихидэ Суга. Пандемияга карабай, башкы спорттук оюндар кийинки жылы өтмөй болду.   Олимпиада, эске салсам, ушул августта өтмөк болчу.   2020-жылкы Олимпиада оюндарын 2021-жылга кечеңдете туруу тууралуу чечим быйыл март айынын соңунда бир катар… Кененирээк…

Бразилиялык моделдин сүрөтүнө лайк баскан Рим папасы талкууга алынды

Бразилиялык моделдин сүрөтүнө лайк баскан Рим папасы талкууга алынды. Чет элдик басылмалар жазышкандай, ачык кийинип түшкөн жаш кыздын сүрөтүнүн алдында Рим папасынын жакты белгиси байкалган.   Бирок, көп өтпөй, лайк кайра жок болуп кеткен. Учурда Рим папасы, анын табити жана лайкынын табышмактуу түрдө жок болуп… Кененирээк…

Бельгияда почточу көгүчкөн 1,6 миллион еврого же 160 миллион сомго сатылды

Бельгияда почточу көгүчкөн 1,6 миллион еврого же 160 миллион сомго сатылды. Рейтерс билдиргендей, Жаңы Ким каймана атындагы канаттууну  сатуу үчүн атайын аукцион уюштурулган.  Көгүчкөндү кытай жараны сатып алды.   Анын максаты – канаттууну көбөйтүү экени айтылат. 2018-жылы Жаңы Ким почта көгүчкөндөрү арасында эң тез учкан… Кененирээк…

Пакистан Кыргызстандын 4 жогорку окуу жайын кара тизмеден чыгарды

Пакистан Кыргызстандын 4 жогорку окуу жайын кара тизмеден чыгарды. Алар Кыргыз Медициналык академиясы, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз-орус универстети жана Эл аралык жогорку медициналык мектеби.   Бул комиссия аларды кайрадан баалоодон өткөрүп, тааныгандыгынан кабар берет. Ошол эле учурда Кыргызстандын дагы 12 окуу жайы кара тизмеде калды.… Кененирээк…