Пакистан Кыргызстандын 4 жогорку окуу жайын кара тизмеден чыгарды

Пакистан Кыргызстандын 4 жогорку окуу жайын кара тизмеден чыгарды. Алар Кыргыз Медициналык академиясы, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз-орус универстети жана Эл аралык жогорку медициналык мектеби.

 

Бул комиссия аларды кайрадан баалоодон өткөрүп, тааныгандыгынан кабар берет. Ошол эле учурда Кыргызстандын дагы 12 окуу жайы кара тизмеде калды. Ал тизмеде башка өлкөлөрдүн билим берүү мекемелери жок.