Кыргызстанда жыл башынан бери 9,2 миллиард сом бажы төлөмү чогулбай калды

Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдын январь-октябрь айларында 21,7 млрд. сом бажы төлөмүн жыйнады. Мекемеден билдиришкендей, он айга 30,9 млрд. сом топтоо планы коюлган. Чогулбай калган акча 9,2 млрд. сомду түздү.   Мамлекеттик бажы кызматы мунун себебин коронавирус пандемиясына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы жабык болгону менен түшүндүрүүдө.… Кененирээк…

Бишкектин көчөлөрүнө 400 тоннадан ашык техникалык туз себилди

Бишкектин көчөлөрүнө 400 тоннадан ашык техникалык туз себилди. Мэриядан билдиришкендей, “Тазалыктын” 662 кызматкери түндөн бери шаар көчөлөрүн кардан арылтууда.   38 атайын техника тартылды. Кар, муз тазалоо жана инерттүү материал себүү боюнча арыздар 1840 жана 1850 кыска номурлары боюнча кабыл алынууда.

Токмок аймактык ооруканасынын жаңы төрөт бөлүмү ачылды

Токмок аймактык ооруканасынын жаңы төрөт бөлүмү ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, имараттын курулушу өткөн жылы башталган.   30 орундуу бөлүм бардык заманбап талаптарга жооп берет. Анда палаталардан тышкары, операция бөлмөсү, ымыркайлар үчүн жандандыруу бөлүмү жана медицина кызматкерлеринин бөлмөсү бар. Төрөт бөлүмүн курууга 57 миллион… Кененирээк…

Казакстан Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү максатында гуманитардык жардам жөнөтөт

Казакстан Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү максатында гуманитардык жардам жөнөтөт. Коңшу өлкөнүн премьер-министринин маалымат кызматынан билдиришкендей, өпкөнү жасалма дем алдыруучу 400 мобилдик аппарат жана 2 миллион беткап берилет.   Гуманитардык колдоо  боюнча мындай чечим кыргыз тараптын расмий түрдө кайрылуусунан кийин кабыл алынганы белгиленген.

Өзбекстанда студенттер кадимки форматта билим алып баштады

Өзбекстанда студенттер кадимки форматта билим алып баштады. Сабактар санитардык нормаларды сактоо менен жүргүзүлөт. Аудиториялар жарымынан гана толуп, жатаканаларда коронавирус жуктуруп алгандар үчүн өзүнчө изолятор дайындалды.   Буга чейин пандемияга байланыштуу өзбекстандык студенттер аралыктан окуп жаткан болчу.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 132 гана бала бакча иштеп жатат

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 132 гана бала бакча иштеп жатат. Анын 11и мамлекеттик болсо, калгандары жеке менчик бакчалар. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Бишкек тууралуу айта турган болсок, жеке менчик бала бакчанын ичинен 39у ачык.   Андан тышкары, эки мамлекеттик бакча иштеп жатат. Анын бири… Кененирээк…

Өлкөнүн башкы магистралдарында кыймыл татаалданган жок

Өлкөнүн башкы магистралдарында кыймыл татаалданган жок. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жолчулар ашуулардагы, тоолуу аймактардагы трассаларды кардан тазалап, инерттүү материалдарды сээп жатат.   Учурда бардык жолдор ачык, тыгындар жок. Алыскы сапарга чыгууну пландап койгон айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү… Кененирээк…

Улуттук банк кезектеги интервенциясын өткөрдү

Улуттук банк кезектеги интервенциясын өткөрдү. Кечээ өлкөнүн башкы каржы мекемеси доллар курсунун жогорулашын алдын алуу үчүн 23 миллион доллар сатты.   Белгилеп кетсек, америкалык валютанын серпилүүсү 2 айдан бери байкалууда. Өткөн жумада ал дароо 2,5 сомго кымбаттап. Интервенциядан кийин кайра курс турукташып баштаган. Бирок эс… Кененирээк…

Президенттик шайлоолордун бюллетендеринде “баарына каршы” деген графа болот

Президенттик шайлоолордун бюллетендеринде “баарына каршы” деген графа болот. БШКдан билдиришкендей, эгер кыргызстандыктардын басымдуусу ушундай добуш берсе, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, 30 күндүн ичинде кайра добуш берүү күнү жарыяланышы керек болот.   Белгилеп кетсек, бюллетендердин тексти 21-декабрга чейин бекитилет. Өлкөнүн башкы постуна 63 адам… Кененирээк…

Москвада Ленин мавзолейи жабылат

Москвада Ленин мавзолейи жабылат. РИА Новости жазып чыккандай, бүгүнтөн тарта мавзолейге көрүүчүлөр киргизилбейт. Бул Россия ордо калаасындагы курчуп жаткан эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынган чара.   Чектөөлөр 2021-жылдын 15-январына чейин күчүндө.