Бельгияда почточу көгүчкөн 1,6 миллион еврого же 160 миллион сомго сатылды. Рейтерс билдиргендей, Жаңы Ким каймана атындагы канаттууну сатуу үчүн атайын аукцион уюштурулган. Көгүчкөндү кытай жараны сатып алды.
Анын максаты – канаттууну көбөйтүү экени айтылат. 2018-жылы Жаңы Ким почта көгүчкөндөрү арасында эң тез учкан канаттуу аталган.