Кыргызстан айдоочулары күбөлүктөрүн эми электрондук форматта гана алып жүрүшү мүмкүн

Кыргызстан айдоочулары күбөлүктөрүн эми электрондук форматта гана алып жүрүшү мүмкүн. Мамлекеттик каттоо кызматы тиешелүү долбоор иштеп чыкты. Ага ылайык, айдоочу күбөлүгү жана унааны каттоо күбөлүгү электрондук форматка өтөт.

 

Долбоор алгач Бишкекте ишке киргизилип, бир жыл сыналат. Ал ийгиликтүү өтсө, кийин жол инспеккторлору айдоочулардын күбөлүгүн планшеттер менен эле текшерип алат.