Токио олимпиадасы 2021-жылы өтөт

Токио олимпиадасы 2021-жылы өтөт. Мөөнөтү эми жылдырылбайт, — деди Япониянын премьер-министр Ёсихидэ Суга. Пандемияга карабай, башкы спорттук оюндар кийинки жылы өтмөй болду.

 

Олимпиада, эске салсам, ушул августта өтмөк болчу.

 

2020-жылкы Олимпиада оюндарын 2021-жылга кечеңдете туруу тууралуу чечим быйыл март айынын соңунда бир катар улуттук Олимпиада комитеттеринин чакырыгына ылайык кабыл алынган. Жапонияга эчак жеткирилген Олимпиада оту «үмүт шам чырагы» катары бул өлкөдө сакталып турушу керек деп чечилген.

Токио Олимпиадасы быйыл 24-июлдан 9-августка чейин өткөрүлмөк. Эми 2021-жылы жайында өткөрүлмөкчү болсо да, оюндар «2020-жылкы Токио Олимпиадасы» деген аталышты сактап калмакчы.

 

Мунун негизги себеби каржылык маселелерге көбүрөөк байланыштырылууда.