Президенттик шайлоолордо Россияда 12 тилке ачылат

Президенттик шайлоолордо Россияда 12 тилке ачылат.

 

Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган өлкөдөгү мекендештер өздөрүн tizme.gov.kg сайты аркылуу өз тизмесин тактап алышы керек.

 

Тизме жана добуш берүү боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилигине, консулдуктарга кайрылууга болот. Эске салсак, 10-январда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого ат салышууга 63 киши арыз берип, анын 16сы ар кандай себептер менен жарыштан чыкты.