Коронавируска каршы россиялык вакцинанын натыйжалуулугу 95 пайызды түздү.
Түз инвестициялар фондунан билдиришкендей, ыктыярчыларга вакцинаны сайгандан 42 күн өткөндөн кийинки жыйынтыгы боюнча, анын натыйжалуулугу 95 пайызды көрсөттү.
Россиянын “Sputnik-V” вакцинасынын эки дозалык баасы чет мамлекеттердеги кардарларга 20 долларга сатылса, өлкө жарандарына акысыз сунушталат.