Кыргызстанга Пакистандан гуманитардык жардам келди

Кыргызстанга Пакистандан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги дары-дармек жана медициналык коргоо каражаттарын жөнөттү.   Гумжардамдын салмагы 1 тоннадан ашат, баасы 153 миллион сомго теңелет.

Парламенттик шайлоолордон кийин добуш берүүчүлөрдүн саны 20 миңге көбөйдү

Парламенттик шайлоолордон кийин добуш берүүчүлөрдүн саны 20 миңге көбөйдү. БШКнын маалыматына ылайык, баштапкы тизмеге 3 миллион 544 миң                 403 жаран киргизилди.   Октябрда өткөн шайлоолорго караганда, жарандардын саны 20 миң 849 адамга көп болду. БШК шайлоочулардын көбөйүшүн паспорт алгандардын саны өскөнүнө, биометрикалык маалыматтарды жыйноо боюнча… Кененирээк…