Өлкө мектептеринде окуу процесси эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жүрүп жатат

Өлкө мектептеринде окуу процесси эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жүрүп жатат. Бул тууралуу мектеп, мектепке чейинки жана андан сырткары билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев билдирди.   Анын айтымында, балдарды парталарына кайтаруу үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жана санэпидем көзөмөл кызматынын уруксаты керектелет. Аймактардагы вирустун жайылуу… Кененирээк…

Чүй облусунун Байтик айылынын мектеп-интернатында 23 бала ууланып ооруканага түштү

Чүй облусунун Байтик айылынын мектеп-интернатында 23 бала ууланып ооруканага түштү. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты. Маалыматка ылайык, жабыркагандар 8 жаштан 20 жашка чейинкилер.   Алар түндө Шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилди. Балдардын ашказаны тазаланып, инфузиялык жана детоксикациялык терапия алышты. Абалдары салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.  … Кененирээк…

Жыл башынан бери банктардын жана камсыздандыруу компаниялардын кирешеси дээрлик 3 эсе өсүп, 41,2 миллиард сомго жетти

Жыл башынан бери банктардын жана камсыздандыруу компаниялардын кирешеси дээрлик 3 эсе өсүп, 41,2 миллиард сомго жетти. Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 32 пайызга көп, — дешти Улуттук статистика комитетинен.   Эске салсак, учурда өлкөнүн каржы тармагында 622 уюм иш алып барат –… Кененирээк…

Өлкөнүн студенттери качан билим алуунун салттуу форматына кайтып келет, азырынча белгисиз

Өлкөнүн студенттери качан билим алуунун салттуу форматына кайтып келет, азырынча белгисиз. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, учурда атайын топ түзүлдү, ал жогорку окуу жайлардагы окуу процессин уюштуруу суроолорун чечет.   Ошондой эле, атайын алгоритм иштелип чыгууда. Анда эпидемиологиялык абал, окуунун багыты сыяктуу көрсөткүчтөр эске алынат.

БШК президенттикке талапкерлердин документтерин текшерүүдө

БШК президенттикке талапкерлердин документтерин текшерүүдө. Өлкөнүн башкы постуна каалоочулардан арыз кабыл алуу 14-ноябрда токтотулуп, 14-декабрга чейин документтер текшерилет.   Андан кийин үгүт кампаниясы старт алат. БШК талапкерлерди каттап, 2 күндүн ичинде ар бирине тиешелүү күбөлүк тапшырылат. Акыркы маалыматтарга ылайык, өлкөнүн башкы постуна талапкерлердин саны учурда… Кененирээк…

АКШда кубаттоону талап кылбай турган электр унаасы чыгарылды

АКШда кубаттоону талап кылбай турган электр унаасы чыгарылды. Aptera компаниясынын машинеси толугу менен күн батареялары менен иштейт. Алар капотунда дагы, чатырында дагы, маңдайкы панелинде деп орнотулган.   Батареялардын кубаты 60 чакырым жүрүүгө жетет. Ал чоң эмес, 2 адамды жана  1 жаныбарды гана батыра алат.  … Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт.”Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 5ке чейин жарык Абай, Горький, Матросов, Карасаев, Юнусалиев, Элебесов, Махатма Ганди, Коенкөзов, Токтогул, Байтик Баатыр көчөлөрүндө, Алтын-Бешик, Арча-Бешик, Кайыңды конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкекте үй-жайсыз адамдар үчүн баш калкалоочу жайлар иштеп жатат

Бишкекте үй-жайсыз адамдар үчүн баш калкалоочу жайлар иштеп жатат. Аларда көчөдө жашагандар түнөп, ысык тамак жеп, медициналык кароодон өтө алат. Мэриянын маалыматына ылайык, баш калкалоочу жайлар ордо калаанын бардык 4 районунда тең иштөөдө.   Ар бири болжол менен 60 кишиге ылайыкталган.

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустардын күчөшү декабрдын аягы, январдын башына туура келет

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустардын күчөшү декабрдын аягы, январдын башына туура келет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда жумасына орточо эсеп менен 2,5 миңдей учур катталып жатат.   Вирустардын туу чокусу декабрь-январга туура келет. Ооруну жугузуп албаш үчүн имунитетти туура тамак, мөмө-жемиштер менен… Кененирээк…

Райым Матраимов мамлекетке дагы 127 миллион сом кайтарды

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов Финансы министрлигинин экономикалык мунапыс үчүн ачылган бирдиктүү депозитине жалпысынан 773 миллион 412 миң сом которду. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымат 8-декабрга карата экенин эскерте кетүү керек. Анткени буга чейин Матраимовдон аталган эсепке 646 миллион сом түшкөнү (27-ноябрь күнгө карата) айтылган. «Тагыраагы,… Кененирээк…