“Балага сүйүнчү” пособиесин быйыл 130 миң жаран алды

“Балага сүйүнчү” пособиесин быйыл 130 миң жаран алды.

 

Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова билдирди. Ал эске салгандай, бала төрөлгөндө мамлекет тарабынан бериле турчу бир жолку жөлөк пул 4 миң сомго барабар.

 

Ошондой эле, 3 эм жарыкка келген үй-бүлөлөргө дагы каражат берилди. Бул учурда ар бир наристеге 50 миң сомдон ыйгарылат.