Бишкекте эки жаңы жылдык жарманке иштеп жатат

Бишкекте эки жаңы жылдык жарманке иштеп жатат. Муниципалитет маалыматына ылайык, алар Свердлов жана Ленин райондорунда ачылды. Жарманкелерде бишкектиктер жакындарына өзгөчө жаңы жылдык белектерди таба алат.

 

Аларда кичи ишканалардын, өндүрүүчүлөрдүн продукциялары, кондитер азыктары, чайдын түрлөрү, жаңы жылдык оюнчуктар жана башка көптөгөн буюмдар тартууланды.