Жарандар шайлоого байланыштуу каттоосун 29-декабрга чейин алмаштырууга тийиш

Жарандар шайлоого байланыштуу каттоосун 29-декабрга чейин алмаштырууга тийиш. БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, жаңы үлгүдөгү ID-картанын чипине өзгөртүүлөрдү калкты каттоо борборлорунун адистери киргизип берсе, эски улгүдөгү ID-картаны алмаштыруу керек болот.

 

Буга чейинки шайлоолордо каттоосу башка аймактагы жарандар №2 форма аркылуу башка жерден добуш берип келишкен.

 

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт.