Бишкектин троллейбустарында жол кирени эми телефон аркылуу төлөсө болот

Бишкектин троллейбустарында жол кирени эми телефон аркылуу төлөсө болот. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Азырынча, виртуалдуу карталар андроид-смартфондор үчүн гана жеткиликтүү.

 

Бишкектиктер аны менен колдонуу үчүн болгону “Тулпар” тиркемесин көчүрүп, жеке кабинетин түзүү жетиштүү. Ал эми троллейбуска киргенде телефонду валидаторго такап, төлөмдү жүргүзүү керек.