Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын оту жанды. Мэриядан билдиришкендей, быйыл салтанат майрам уюштурулбай эле өткөрүлдү. Балатынын өзү былтыркы, анын бийиктиги 27 метрди түзөт.
Жалал-Абаддын көчөлөрүндө жеке компаниялар жана муниципалдык ишканалар өз имараттарын жаңы жылга карата жасалгалоодо.