Кыргызстанда сүт палатасы түзүлөт

Кыргызстанда сүт палатасы түзүлөт. Бул тууралуу Айыл-чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди.   Анын айтымында, анда сүт  өндүрүмүн өнүктүрүү, кичи ишканаларды түзүү, жеңилдетилген насыяларды берүү, бааларды турукташтыруу, продукцияны экспорттоо жана башка суроолор чечилет.   Сүт палатасын мамлекеттик органдарда каттоо иштери жыл аягына чейин жыйынтыкталат.

Кыргызстандыктардын паспортуна “улуту” деген графа кайрадан киргизилди

Кыргызстандыктардын паспортуна “улуту” деген графа кайрадан киргизилди. Тиешелүү токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду, — дешти өкмөт аппаратынан.   Эми кыргызстандыктар өз эрки менен ID-паспортуна улутун көрсөтө алат. Эске салсак, Кыргызстанда 2017-жылкы үлгүдөгү паспортто жарандын улуту, үй-бүлөлүк абалы жана жашоо дареги электрондук форматка… Кененирээк…

Кыргызстан ооруканаларында коронавируска кабылгандарды кабыл алуу үчүн орундар жетиштүү

Кыргызстан ооруканаларында коронавируска кабылгандарды кабыл алуу үчүн орундар жетиштүү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.   Анын айтымында, учурда даярдалган 8 миң орундун 4,5 миңи колдонулууда. Аларды дарылоо үчүн бардык зарыл жабдуулар дагы бар. Эске салсак, ведомство дээрлик 50 миллион сомго… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 417 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 417 адам коронавирустан айыгып чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй жана Жалал-Абад облустарына туура келет. Ушуну менен өлкө боюнча ковидди жеңип чыккандардын жалпы саны 70 миң 867 адамга жетти.

Кыргызстанда эң көп айдалган унаалар аталды

Кыргызстанда эң көп айдалган унаалар аталды. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа сап башында турат. Анын саны биздин өлкөдө 138 миңди түзөт. Андан кийин Советтер Союзунун өндүрүшүнөн чыккан «АвтоВАЗ» компаниясынын машинелери. Андан өлкөдө 136 миң бар. Үчүнчүдө Өзбекстандан чыга баштаган түштүк кореялык Daewoo үлгүсүндөгү… Кененирээк…

Кыргызстанда шайлоочулардын саны 3 миллион 552,5 миңди түздү

Кыргызстанда шайлоочулардын саны 3 миллион 552,5 миңди түздү. Булар 10-январда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого жана референдумга катыша ала тургандар жана тизме 14-декабрга карата. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, жарандар тизмеге өзгөртүүлөрдү 29-декабрга чейин киргизе алышат. Бул шайлоодо форма  №2 колдонулбайт, мындан улам добуш… Кененирээк…

АКШдагы президенттик шайлоодо Джозеф Байден жеңишке жетти

Кыргызстанда президенттик шайлоо али алдыда болсо, АКШда ал бир ай мурда эле жыйынтыкталган. Бирок акыркы жыйынтык бүгүн гана жарыяланды. Америкалык шайлоочулар президенттик тандоодо Джозеф Байдендин жеңишин кабыл алышты. Демократтардын талапкери керек болгон 270 упайдан 306 добушка ээ болду. Ал эми Трампта 232

Быйыл Кениянын улуттук сейил багында 200дөн ашык пил төрөлдү

Быйыл Кениянын улуттук сейил багында 200дөн ашык пил төрөлдү Экологдордун айтымында, мындай көрсөткүч буга чейин каттала элек болчу. Рекорддук түрдө төрөлүү аба-ырайына байланыштуу. Акыркы эки жылда жаан-чачын көп жаап, мындан улам алп жаныбарларга керектүү азык жетиштүү болду. Улуттук парктын кызматкерлери кубанышкандай, көп жылдан кийин пилдердин… Кененирээк…

Арыктоо үчүн сөзсүз эле ачка болуп, жакшы көргөн тамактан баш тартуу керек эмес

Арыктоо үчүн сөзсүз эле ачка болуп, жакшы көргөн тамактан баш тартуу керек эмес. Рационго чөп чайларды кошуу сунушталат. Ошондой эле чиа өсүмдүгүнүн уругу, сулу боткосу, жумуртка, тооктун эти, зайтун майы туура арыктоо үчүн керектүү азыктар. Диетологдор белгилешкендей, майды жок кыла турган белгилүү азык жок. Ашыкча… Кененирээк…

Бүгүн президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин үгүттөө кампаниясы старт алды

Бүгүн президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин үгүттөө кампаниясы старт алды. Талапкерлер аймактарды кыдырып шайлоочулар менен жолугуп, интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн программасы менен тааныштыра алат. Учурда жарышка аттангандардын саны – 18. Эске салсак, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо… Кененирээк…