Кыргызстанда доллар курсу дагы эле серпилүүдө

Кыргызстанда доллар курсу дагы эле серпилүүдө. Кечээ америкалык валютанын куну дээрлик 2 сомго арзандаса, бүгүн кайра 50 тыйынга кымбаттады.

 

Бүгүн ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары долларды 82 сом 90 тыйындан сатып алып, кайра 83 сом 50 тыйындан сатышууда.

 

Ал эми евро, рубль жана тенгенин курсу азырынча өзгөргөн жок.