Чемпиондор лигасынын жарым чейрек финалынын жадыбалы жарыяланды

Чемпиондор лигасынын жарым чейрек финалынын жадыбалы жарыяланды. УЕФАнын расмий сайтындагы маалыматка караганда, алгачкы мелдештер 16,17,23 жана 24-февралда Швейцариянын Ньон шаарында өтөөрү пландалды. Анда 15 команда оюн талаасына чыгат. Эске салсак, футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 2019-20-жылдагы сезонун германиялык «Бавария» командасы жеңип алган

Акыркы жумада өсүмдүк майы 20 сомго чейин кымбаттады

Акыркы жумада өсүмдүк майы 20 сомго чейин кымбаттады. Экономика министрлигинин эсептөөлөрүнө ылайык, баалардын жогорулашы Бишкекке 10 сомго туура келип, учурда майдын орточо баасы 130 сомду түзүүдө. Баалардын көтөрүлүшү Чолпон-Ата, Нарын, Кочкор жана Балыкчыда 20 сомго жетип, рекорддук көрсөткүчкө жетти. Буга карабай Токмок, Ош, Баткен жана… Кененирээк…

Кыргызстанга Казакстандан электр энергиясын импорттоо үзгүлтүксүз жүрүп жатат

Кыргызстанга Казакстандан электр энергиясын импорттоо үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Бул тууралуу novosti.kgге “Электр станциялары” ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти. Ага караганда, 14-ноябрдан бери суткалык өлчөмү 1 миллион 200 миң кВт/с түзгөн электр энергия сатып алынууда. Учурда көрсөткүч 36 миллион кВт/с жетти. Сатып алуулар 1 кВт/с 2,4 центтен.… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги ИВЛ аппараттарды сатып алат

Саламаттыкты сактоо министрлиги ИВЛ аппараттарды сатып алат. Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылгандай, ведомство бул максатта сынак жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 49 миллион 400 миң сомду түзөт. Кошумчаласак, министрликтин алдында жабууларды кабыл алуу жана техникалык көзөмөлдөө боюнча комиссия түзүлөт.

Сомдун наркы бардык валюталарга карата бекемделди

Сомдун наркы бардык валюталарга карата бекемделди. Улуттук банктын жаңыртылган валюталар курсуна караганда, сомдун башка валюталарга карата наркы 1.7 пайызга бекемделди. Ал эми долларга карата баасы 1.84 пайызга жана теңгеге карата сомдун куну 1.83 пайызга жогорулады. Ал эми рублга карата 1.58 пайызга, еврого 1.73 пайызга төмөндөдү.… Кененирээк…

Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун алтын медалын утуп алды

Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун алтын медалын утуп алды. Финалдык беттеште Шаршенбеков Россиялык балбан менен күч сынашып, 4:4 эсебинде жеңишке жетти. 60 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Шаршенбеков финалга чейин үч атаандашын, тагыраагы, болгариялык, молдовалык жана түркиялык балбандарды 8:0 жана 5:1 эсебинде утту.… Кененирээк…

Кыргызстан 5 өлкө менен үзгүлтүксүз аба каттамдарын жүргүзүп жатат

Кыргызстан 5 өлкө менен үзгүлтүксүз аба каттамдарын жүргүзүп жатат. Алар, Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги, Казакстан, Өзбекстан жана Россия, — деп билдиришти “Манас” аба майданынан. Аталган өлкөлөрдүн шаарларынан кыргызстандыктар өлкөгө келип кайра кете алышат. Андан тышкары, жарандар Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларына уча алышат. Ошондой эле… Кененирээк…

Кыргызстандагы бийликтин башкаруу формасын аныктоо үчүн өтө турган референдумга дээрлик 40 миллион сом багытталат

Кыргызстандагы бийликтин башкаруу формасын аныктоо үчүн өтө турган референдумга дээрлик 40 миллион сом багытталат. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, сумма бюллетендерди басып чыгарууга, жеткирүүгө жана башка иштерге сарпталат. Эске салсак, Кыргызстанда Референдум 10-январда президенттик шайлоо менен бир күндө өтөт. Анда кыргызстандыктар президенттик, парламенттик же бардыгына… Кененирээк…