Өкмөт аппаратынын бөлүм башчысы кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары даражасындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы «А.А.М.» аттуу жаран кармалганын маалымдады.   УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы жана Аскер прокуратурасынын мекеме аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын жана өкмөттүн… Кененирээк…

Ошто энергетиктер электр жарыгы өчүшү мүмкүн экенин эскертишти

Электр энергиясы үнөмдүү колдонулбаса өлкө аймагында тартыштык жаралып, жарык өчүшү ыктымал. Бул тууралуу 16-декабрда «Ош электр» жана «Жогорку чыңалуудагы электр тармактары» ишканасынын жетекчилери Ошто басма сөз жыйынында билдиришти.   Алардын маалыматына караганда, өкмөттүн токтому менен ар бир аймака электр колдонуу лимити коюлган. Анын негизинде Ош… Кененирээк…

Кыргызстандын мал базарлары ирээтке келтирилет

Кыргызстандын мал базарлары ирээтке келтирилет. Бул тууралуу Айыл-чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин соодагерлер базардын баары ылай болгонуна жана таза суунун жоктугуна арызданышкан.   Буга байланыштуу, мал базарлардын жетекчилигине санитардык талаптарды сактоо, соода аянттарын ирээтке келтирүү тапшырмасы берилди.

Кыргызстан жана Өзбекстан чек аралар боюнча иштерди активдештирүүнү макулдашты

Кыргызстан жана Өзбекстан чек аралар боюнча иштерди активдештирүүнү макулдашты. Өкмөт делегацияларынын жолугушуусу кечээ Бишкекте өттү. Эки тарап чек аранын делимитациясы жана демаркациясы тууралуу пикир алмашты.   Анын жыйынтыгында протокол кабыл алынды.

Кыргызстанда ЕАЭБден башка мамлекеттерден унааларды ташуу эрежелери өзгөрдү

Кыргызстанда ЕАЭБден башка мамлекеттерден унааларды ташуу эрежелери өзгөрдү. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, эми жарандар унаалардын коопсуздугун текшерүү үчүн лабораториялык экспертиза өткөрө алат.   Бул процедура юридикалык жактарга гана тиешелүү. Токтомду өкмөт 7-декабрда кабыл алды. Транспорт каражатын бирдиктүү текшерүү үчүн документтерди “Унаа” мамлекеттик ишканасына тапшырышы… Кененирээк…

Ош облусундагы Чайчы айылындагы оорукананын курулушу аягына чыгып калды

Ош облусундагы Чайчы айылындагы оорукананын курулушу аягына чыгып калды. Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, медициналык мекеме 15 орунга чакталат. Негизги жумуштар аяктады, эми мекеменин айланасын көрктөндүрүү, эмеректерди жана жабдууларды орнотуу иштери калды. Стационарды түзүү каражат республикалык бюджеттен бөлүнүп берилди. Күтүлгөндөй, медициналык мекеме жыл аягына чейин бейтаптарды… Кененирээк…

Түп районундагы бардык мектептер офлайн режимде билим берүүгө өттү

Түп районундагы бардык мектептер офлайн режимде билим берүүгө өттү. Мындай чечим райондук штабда кабыл алынды, — деп билдиришти район башкармалыгынан. Маалыматка ылайык, ушул дүйшөмбүдөн тартып 35 мектеп иштеп баштады. Андан тышкары, 6 бала бакча ишин жандантты.

Билим берүү министрлиги жана эпидемиологдор студенттерди жогорку окуу жайларга кайтаруу маселесин карап жатат

Билим берүү министрлиги жана эпидемиологдор студенттерди жогорку окуу жайларга кайтаруу маселесин карап жатат. Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиеванын маалыматы боюнча, салттуу режимде окутуу формасын билим берүү министри санитардык дарыгерлер, эпидемиолог жана медицина кызматкерлери менен биргеликте кароодо. Анын ортосунда Сурабалдиева белгилегендей, коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб университеттерди… Кененирээк…

Нарын облусунун Ат-Башы районунда социалдык дүкөн ачылды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда социалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу “Кабар” райондук администрацияга шилтеме келтирип билдирет. Жардамга муктаждар үчүн ачылган аянт эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынын имаратында жайгашат. Бул жерге айылдыктар буюмдарды, кийим-кечек, бут кийим жана башка керектүү нерселерди берсе болот. Өз кезегинде аз камсыздалган үй-бүлөлөр… Кененирээк…

Бишкекте көмүрдүн запасы жетиштүү деңгээлде

Бишкекте көмүрдүн запасы жетиштүү деңгээлде. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, муниципалитет кызматкерлери сатуучуларга алып-сатууда бааларды негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Калаа бийлигинен белгилешкендей, Кара-Кече жана Шабыркүл үлгүсүндөгү кара отундун тоннасы орточо эсеп менен 4 миң сом. Ал эми бир кабы 170 сомдон 280 сомго чейин… Кененирээк…