Бишкек ЖЭБи күчөтүлгөн режимде иш алып барып жатат

Бишкек ЖЭБи күчөтүлгөн режимде иш алып барып жатат. Учурда суткалык жүктөө 400 МВтты түзөт жана ЖЭБдин жаңы 2 блогу бир убакта, тынымсыз иштеп жатат. Бишкек жылуулук энерго борборунун директору Андрей Воропаевдин айтымында, борборго көмүр жеткирүү өз графиги менен аткарылууда. Алсак, көмүрдүн 760 миң тоннасы жергиликтүү… Кененирээк…

Форма №2 жоюлгандан кийин шайлоочулардын саны дээрлик 22 миң адамга кыскарды

Форма №2 жоюлгандан кийин шайлоочулардын саны дээрлик 22 миң адамга кыскарды. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, кыскаруулар Бишкектин жана Чүй облусунун райондоруна туура келет. Ал эми жалпысынан шайлоого добуш берүү үчүн 3 миллион 544 миң адам каттоого алынды. Шайлдабекова белгилегендей, жарандар бир гана жашаган жеринен… Кененирээк…

Мектептерде 3-чейрек 11-январда башталат

Мектептерде 3-чейрек 11-январда башталат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бирок билим берүү кандай форматта уланаары белгисиз. Өлкө боюнча мектептерди ачуу маселеси эпидемиологиялык абалга жараша болот. Эске салсак, кышкы каникулдар 12 күнгө, тагыраагы 30-декабрдан 10-январга чейин созулат.

Кыргызстанда баланы өнүктүрүүчү 50 борбор пайда болот

Кыргызстанда баланы өнүктүрүүчү 50 борбор пайда болот. Тиешелүү жарлыкка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду. Борборлор китепканалардын базасында ачылат. Мындай чечим мектепке чейинки билим берүү шартын кеңейтүү үчүн кабыл алынды. Билим берүү жана окуп-таануу сабактары “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарга кам көрүү” мамлекеттик… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери шайлоо тилкелерин текшерип жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери шайлоо тилкелерин текшерип жатат. Иштер Нарын облусунда башталды. Тилке мүчөлөрүнө оозеки түрдө өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жакынкы күндөрү алдын-алуу иш-чаралары республиканын бардык шайлоо тилкелеринде өтөт. Өзгөчө көңүл алыскы райондорго жана айылдарга бөлүнөт.

Кийинки жылы Кара-Кече көмүр кенине барчу туруктуу жол курулат

Кийинки жылы Кара-Кече көмүр кенине барчу туруктуу жол курулат. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев novosti.kgге билдирди. Анын айтымында, унаа жана жолдор министрлиги кийинки жылы курулушту планга киргизип, долбоорун даярдап, бардык талаптарга жооп бере турган жол куруп берет. Узундугу 3 чакырым 100 метрди… Кененирээк…

Акча алмаштыруучу жайларда доллар кайра кымбаттоодо

Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында доллар кайра кымбаттай баштады. 23-декабрда түшкө маал бир доллар дээрлик 84 сомдон сатылып жатат. 20-декабрда акча алмаштыруучу жайларда доллардын баасы 79 сомдун тегерегинде болуп жаткан.   Доллардын расмий курсу да соңку бир күндө 0,56% жогорулады. Кечээ Улуттук банк 80,60 сом деп… Кененирээк…

Президенттик шайлоодо Бишкекте чалуу-борборлор иштейт

Президенттик шайлоодо Бишкекте чалуу-борборлор иштейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, ар бир акимчиликтин алдында ачылган түз байланыш номурларына шаар тургундары материалдык-техникалык камсыздоо жана санитардык эрежелердин бузулушу боюнча маалымат бере алышат.   Ал эми жалпы кыргызстандыктар шайлоо учурунда кандайдыр бир мыйзам бузууга күбө болуп же… Кененирээк…

Баткен облусунун Кадамжай районунда 200 орундуу оорукана ачылды

Баткен облусунун Кадамжай районунда 200 орундуу оорукана ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, медициналык жай Өзбекстандын каржылык колдоосу менен курулду.   Тез курулуучу долбоор менен ишке ашкан оорукана коронавирус инфекциясы жуккандарды дарылоого ыңгайлаштырып, заманбап үлгүдө салынды.  Германиянын техникалык жабдуулары менен камсыздалды. Имарат эки корпустан турат.

“Достук” кыргыз-түрк ооруканасы пандемия аяктагандан кийин расмий ачылат

“Достук” кыргыз-түрк ооруканасы пандемия аяктагандан кийин расмий ачылат. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушууда билдирди.   Эске салсак, кыргыз-түрк достугуна арналган оорукананын курулушу 2016-жылы башталып, 2018-жылы аяктаган. Оорукана 150 кишиге эсептелген.   Бирок коронавирус күч алган… Кененирээк…