Президенттик шайлоодо Бишкекте чалуу-борборлор иштейт

Президенттик шайлоодо Бишкекте чалуу-борборлор иштейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, ар бир акимчиликтин алдында ачылган түз байланыш номурларына шаар тургундары материалдык-техникалык камсыздоо жана санитардык эрежелердин бузулушу боюнча маалымат бере алышат.

 

Ал эми жалпы кыргызстандыктар шайлоо учурунда кандайдыр бир мыйзам бузууга күбө болуп же юридикалык жардамга муктаж болсо, БШКнын 1255 кыска номуруна чалып билдирсе болот.